Токмокто түн ичинде жөө адамды унаа сүзүп, ал каза тапты
Токмок шаарында түн ичинде жөө адамды айдоочу өлтүрө сүзүп кеткен. Шектүү кармалганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Такталгандай, 22-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин/Колхозный көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 50-55 курактагы эркек кишини сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ал эми жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары 2001-жылы туулган А.И.М. аттуу айдоочу кармалды.
Учурда унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми айдоочу тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Токмок РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.